Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-октябры № 91
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин атайын каражатына кошумча каражат кароо жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин атайын каражатына кошумча каражат кароо боюнча айылдык кеңештин туруктуу финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча” комиссиясында каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” жана “Данияр-Нур” балдар бакчаларынын ата-энелер төлөмдөрүнүн түшкөн 825 000 (сегиз жүз жыйырма беш миң) сом атайын каражаты Мырза -Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Ата-энелер төлөмдөрүнүн түшкөн 825 000 (сегиз жүз жыйырма беш миң) сом атайын акча каражаты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин төмөндөгү чыгаша бөлөгүнө бекитилсин: Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” жана “Данияр-Нур” балдар бакчаларына азык-түлүктөрдү сатып алууга.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |