Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 5/3
Асанбаев Атай Жумадиловичтин депутаттык мандатынан алып салуу жөнүндө
Шоро айылынын депутаты Асанбаев Атай Жумадиловичтин Нарын райондук соту тарабынан 2014-жылдын 3-октябрындагы № УД-69/14.Н5 чечими менен 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылгандыгына байланыштуу «Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулууга тийиш экендигин белгилеп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык айылдык кенештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу айылдык кенештин сессиясында талкуулап, Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык Кенешинин Шоро айылынан шайланган депутат Асанбаев Атай Жумадилович Нарын райондук сотунун 2014-жылдын 3-октябрындагы № УД-69/14.Н5 чечими менен 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылгандыгына байланыштуу Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан Шоро айылынан шайланган депутат Асанбаев Атай Жумадиловичтин депутаттык мандатын алып салуу тууралуу чечимин чыгарып, “Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде кийинки орундагы көп добуш алган талапкердин депутаттык мандатын таанып берүү жагы суралсын.
Төрага | З.Алдакеев |