Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 7
“Карача айылынын Арал участкасынын” тургундарынын кириш№ Кл-1.07.02.2015-ж,
кириш Кл-7.26.01.2015-жылдагы арыздары жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIIсессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылынын Арал участкасынын тургундарынын жаңы конушка бир К.Т.П160 - мамычалары менен, электр линиясын сатып алууга жана тартып орнотууга жардам берүүсүн сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн деңгээлинде каралуучу 22 маселенин ичинде жалпы эл пайдалануучу жерлерди жарыктандыруу каралып, жаңы конуштарга электр линияларын тартуу каралган эмес.Ошондуктан Бешик-Жон айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр линияларын тартуу жана трансформатор алуу боюнча жазылган долбоордун өздүк салымын төлөөгө жардам берилсин. Ал эми трансформатор же электр линияларын тартууга көп суммадагы акча каражаты жумшалгандыктан, 2015-жылга мындай чыгымдарга акча каралбасын.
2. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялансын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Маманов. |