Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 3
«Бешик-Жон айыл өкмөт башчысынын 2014-жылга бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча берген отчету жөнүндө»
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги XIIсессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Адишовдун 2014-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөт башчысынын 2014-жылга түзүлгөн бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канаатттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөт башчысынын отчету боюнча айтылган кемчилдиктер жана сунуштар 2015-жылдын Биргелешкен аракет планына киргизилип аткарууга алынсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялансын.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Маманов |