Редакцияот 04.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 4-марты № 13/90           

Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2015-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин  төрагасы Ж. Аскаровдун 2014-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 276,174,0 сомго, чыгашалары 311,528,0 сомго аткарылганы белгиленип, жыл аягында калган калдык 138,0 сомго бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга карата кирешелер 416,825,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

№

Киреше булактары

Берилген план

1.

Шартуу мал башынан (кой,эчки,уй,жылкы)

188,825

2.

Топоздордон

90,0

3.

2014-жылдан калдык

138,0

 

Баардык киреше

416,825 сом

 

3. 2015-жылга жайыт комитетинин чыгашалары 416,825 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.

№

Статьялардын аталышы

Сумма м.с.

1.

Эмгек акы

132,0

2.

Соцфондго чегерүү

22770

3.

Жайыт жер салыгы үчүн

24670

4.

Сатуудан түшкөн салык 3%

7625

5.

Ар кандай чыгым үчүн

11620

6.

Траспорттук чыгым

20,0

7.

Райондук ассоцияга

10,0

8.

Өздүк салым

155,0

9.

Иш кагаздарын жүргүзүгө концтоварга

3,0

10.

Инвентар

30,0

 

                                 Жалпы чыгым:                                                            

416,825        сом 

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.К. Элтуйбасов