Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 39
«Кыргыз Республикасынын 2004 - жылдын 22-сентябрындагы №45 мыйзамына» ылайык айыл жеринде айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануучуларга көрсөтүлгөн беренеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-сентябрындагы №45 мыйзамынадагы көрсөтүлгөн беренесиндеги К-1 экономиканы пландаштыруу зоналык коэффицентти коюу максатында
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы үчүн (тегирмен, АЗС, магазин , ашкана,аптека, офис )жана мүлккө болгон салыктар К-3 коэффиценти К-1,2 коэффиценттерине барабар болуп бекитилсин.
2. Кара-Мык айылындагы базар үчүн К-3 коэффицентиК-0,5 коэффиценти менен эсептелсин.
3. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдаланган атуулдарга К-3 коэффиценттерин К-1,2 коэффиценттерине барабар болуп бекитилсин.
4. К.Рнын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3 беренесинин талаптарына ылайык айыл аймагындагы 1,2,3 топтогу мүлк салыгын К-1,2 коэффиценттерине барабар болуп бекитилсин
5. Ушул токтомду аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл аймагынын салык инспекторлору А.Эшов Ж. Калыковдорго милдеттендирилсин
6. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык Кенешинин өнөр жай, курулуш транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык – экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | З.Амирбеков |