Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 40
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезектеги 11-сессиясына чакыруу жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын бешинчи чакырылышынын кезексиз сессиясына 20-декабрь 2014-жыл саат 10-00гө айылдык аймагынын кенешме залына чакырылсын.
Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселе коюлсун:
1. Ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу,калктын медициналык жактан тейлөөдө жыл ичинде аткарган иштери боюнча.
2.Жекенди айылдык аймагына караштуу китеп каналардын жыл ичинде аткарып жаткан иштери жөнүндө.
3.Айыл чарба жерлерин, жайыттарды, кайра бөлүштүрүү жерлерин пайдаланууда айылдык аймактын аймагындагы жайыт комитеттеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө.
4.Айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучуларга билим берүү боюнча 2014-жылдагы аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
5.Айылдык аймагынын атуулдарынан, мекеме ишканаларынан келип түшкөн арыздардын аткарылышы жөнүндө.
6. Ар түрдүү маселелер.
(Кара-Мык айылынын борбордук көчөгө ат кою жөнүндө.)
Сессияга Жекенди айылдык Кенешинин депутаттары, Жекенди айылдык аймагына караштуу мекеме жетекчилери, аппарат кызматкерлери чакырылсын.
Төрага | З.Амирбеков |