Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 -жылдын 20-декабры № 41
Айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучуларга билим берүү боюнча 2014-жылдагы аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
1. Айылдык аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштерин жүргүзүүдө 2014-жыл ичинде окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштер менен кетирилген кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Окуу тарбиялоо иштерин талаптагыдай жүргүзүү, билим сапатын көтөрүү боюнча иш чараларды түзүп иш алып баруу, мектептин материалдык техникалык базасын чыёдоо мектеп окуучуларынын арасында тарбиялык иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү мектеп директорлоруна (З.Амирбеков, С.Калилова, О.Абдилазизов, С.Ботобаев, К.Ташмаматов) милдеттендирилсин.
3. Мектеп мугалимдеринин өз адистиги боюнча жайгаштырууну жана өз билимдерин жогорулатуунун үстүндө жоопкерчиликтүү иш алып бару мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Билим берүү тармагындагы мекемелиринин материалдык техникалык базасын чыёдоо иштеринде талап кылынуучу финансылык каражаттарын чечип берүү жагы айылдык аймагынын башчысынан (Н.И.Акматов) суралсын.
5 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кенешнин Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Галовго милдеттендирилсин
Төрага | З.Амирбеков |