Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-декабры № 42
Жекенди айылдык аймагына караштуу ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу, калктын медициналык жактан тейлөөдө ооруканалардын жана ФАПтардын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын медициналык жактан тейлөө, ар кандай ооруулардын алдын алуу боюнча калк арасында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө аткарылып жаткан иштердин жана кетирилген кемчиликтер белгиленсин.
2 .Калкты даары дармектер менен камсыз кылууда ачык айкындуулук иштери талапка ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кара-Мык, Жекенди айылдык ооруканаларында жана фердшердик акушердик пункттарда даарыгерлердин иштөөсүнө тиешелүү төмөнкү маселелерди өз мөөнөтүндө чечип берүү Чоё-Алай райондук аймактык оорууканасынын башкы директорунан (И.Бакиров) суралсын.
- Кара-Мык айылдык оорууканасына башкы даарыгерди дайындоо
- Кара-Мык айылдык оорууканасында оорууларга бару маселесинде жооптуу адамдарды дайындап чечүү.
- Кара-Мык оорууканасынын тез жардам машинесин иштөөсүн талапка ылайык келтирүү.
- Оорууканалардын, ФАП тардын материалдык базасын чыёдоого өз убагында каражаттарын бөлүп берүү
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кенешнин Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Галовго милдеттендирилсин
Төрага | З.Амирбеков |