Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-январы № 64
«Р.А.Сайитовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Б.Т.Тайчабаровга депутаттын ыйгарым укугун киргизүү жөнүндө
Р.А.Сайитовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон орунга кезекте турган Б.Т.Тайчабаровга депутаттык ыйгарым укук берүү жөнүндөгү маселе “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 2- жана 3-статьяларын жетекчиликке алып, «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин депутаты Рустамбек Акжолович Сайитов Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу айылдык кеңештин депутаты ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бошогон орунга кезекте турган Тайчабаров Бактыбек Мырзаевичке депутаттык ыйгарым укук берилсин.
3. Аталган токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан жана КРсынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
Төрага | Акматалиев А.Т |