Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-февралы № 9/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин 2013 -жылдагы социалдык экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө жүргүзүлгөн иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Депутаттардын Кызыл-Жар Айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 9_сессиясынын (V шайланган ) жыйналышындагы биринчи маселе боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин 2013-жылдагы социалдык экономикасын өнүгүүсү жөнүндө жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап депутаттар тарабынан жана башка кызмат адамдары тарабынан сын ой пикирлер айтылган. Жетишкен ийгиликтерин эске алуу менен Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин 2013-жылдагы социалдык экономикасынын өнүгүүсү жөнүндө жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы канаттандыраалык деп табылсын (доклад тиркелет).
2. Токтомго көз салуу жагын Кызыл-Жар айылдык Кенешини 9 сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын милдетин аткаруучусу Коо-Чаты № 50-29 участкасынын депутаты Т.Койчуманова милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчуманова |