Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-февралы № 9/5
Жалпы депутаттар 21
Катышкан 21
Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн конторасынын жылытуу системасы менен кошо Дем берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун кароо
Угулду: Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн канторасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаев билдирүү жасады.
Жогорку мааламаттарды угуп жана талкуулап төмөндөгү депутаттар жарыш сөзгө чыгышты:
1. Айылдык Кенештин депутаты С.Матикеев сүйлөдү -“ Долбоорду жактырдым,пландаштырылган иштерди аткаруу учун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча болуп жардам берүүсүн сунуш кыламын.
2. А.Каракозуев, Айыл Кенештин депутаты – “ долбоорду жактырдым ишке ашса жакшы болмок, эле эл деле жөр карап турбайт өздүк салымдарын кошот деген үмүттөмүн. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлуп берүүсүн сунуш кыламын”
Депутаттардын айылдык Кениши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн канторасын жылытуу системасы менен бирге Дем берүүчү улуштук гранттынын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору жактырылсын .
2. Айыл өкмөтүнүн канторасын жылытуу системасы менен кошо капиталдык оңдоого чыгымдала турган 2961,00 ( эки миллон тогуз жуз алтымыш бир ) сомдук үлүштүк гранттын салымы болгон акча каражатты Каржы министирлигинен сурап оз учурунда өндүрүп алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
3 .Кызыл-Жар айылдык Кеңеши долбоорду колдоо менен бирдикте Долбоордун жалпы суммасы болгон 3296,1 ( уч миллион эки жүз токсон алты миң бир жүз ) сомдун 10% ( он) пайызын түзгөн өздүк салымы 335,0 ( үч жүз отуз беш )миң сомду жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин. .
4 .Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Койчуманова |