Редакцияот 15.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 11 сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

 

2014-жылдын 15-апрели № 11/2

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылындагы 1917-жылдагы элдик революциядагы каза болгондордун эстелигин оңдоо жөнүндө

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө Караштуу Кайын-Талаа айылынын тургуну Төрөканов Сагындык  элди боштондука  чыгаруудагы эмгеги бааланып Кайын-Талаа айылына эстелгин  тургузулган  Ошондуктан  эстелигинин эскилиги жетип замандын талабна жооп бергидей кылып оңдоого убакыт келип жетти. Депутаттардын  Кызыл-Жар  айылдык Кеңешинин кезектеги ___11____ сессиясынын (V шайланган) жыйналышы угуп жана талкуулап сунушту колдоо менен бирге  оңдоп түзөө иштерине салымын   кошуу максатында

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылындагы тарыхый эстеликти  башкача айтканда  С.Торокановдун эстелиги  оңдоп түзөө жагы белгиленсин.

2. Оңдоп түзөөгө кеткен акча каржатын  Кайын-Тлаа  айылынын  тургуну  Шамидинов Кайымдын  өз эсебинен  кетирүү жагы белгиленсин.

3. С.Төрөкановдун эстелгин  тез арда  оңдоп түзөө иштерин  көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депуттары  ( Э.Турдалиев, С.Матикеев,  С.Мамырсулов,  А.Жоробаев, К.Сулайманов) тапшырылсын.

4. Эстеликти оңдоого   мурунку жеринен башка жерге көчүрүү жана ага жер болуп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси  А.Маметовко милдеттендирилсин

5 .Бул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрагасынын жардамчысы  А.Жоробаевке милдеттендирилсин.   

 

Төрага

М.Кадыров