Редакцияот 15.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 11 сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

 

2014-жылдын 15-апрели № 11/3

Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын  карамагында турган турак жайды ооруканада мыйзамсыз кирип алып жашап жаткан кызматкерин чыгаруу жөнүндө

 Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын бул башка жактан келип иштеп  жаткан врачтарга гана тийиштүү үй болгондуктан анын бир кызматкери ээлеп  менчик катары  пайдаланып чык десе 30690 ( отуз миң алты жүз токсон сом)  берсенер чыгамын деп жаткандыгына  байланыштуу  иш каралып чыгып анын  мыйзамдуу же мыйзамсыз жашап жаткандыгын тактоо максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин  депутаттары

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын   кызматкери Т.Бекеева мызамсыз  пайдаланып жаткандыгы  жана аны бул үйдөн чыгаруу жагын Кара-Кулжа райондук сотунун милдетин аткаруучусу  Т.Асановдон мыйзамдын негизинде карап чыгып чечип берүү жагы суралсын.

2. Кызыл-Жар учаскалык ооруканасынын  азыркы мезгилде  башка жактан келип иштеп жаткан врачтын  үй маселесин чечип берүү жана аны жайгаштыруу иштерин   аткаруу жагын  Кызыл-Жар айылдык Кнешинин  туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Кызыл-Жар участкалык ооруканасына караштуу үй жайларды тактап  кимдер жашаш керек,  кимдин балансына караштуу экендигин тактап чыгуу жагын  Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго  милдеттендерилсин.

4 .Ушул токтомду аткарууга алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы М.Кадыровго миледеттендирилсин.

 

Төрага

М.Кадыров