Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-августу № 12/2
Кызыл-Жар айыл аймагындагы жеке менчик дүкөндөрдүн иштөө тартибин жөнгө салуу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтунун аймагындагы төрт айылдын ичинде жайгашкан жеке менчик дүкөндөр графиги жок иштейт. Эч кандай мамлекет тарабынан көзөмөл, жокко эсе айылдарда тажия чыккан мезгилдерде жана 16 жашка чейинки мектеп окуучуларына спирттик ичимдиктерин жана тамекинин сатылышын токтотуу жана убакты ачып жабуусун, айлана чөйрөсүнүн тазалыгын сактоосун жөнгө салуу үчүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы төрт айылдын ичинде жайгашкан, жеке менчик дүкөндөрдүн иштөө тартибин карап жана талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй иштөө тартибин киргизүү үчүн Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1). Кызыл-Жар айыл өкмөтунун аймагындагы төрт айылдын ичинде жайгашкан жеке менчик дүкөндөрдү ачып жана жабуу убактысы саат 800- дөн 1800гө чейин иштөө тартиби бекитилсин жана аны көзөмөлгө алуу, бекитилген токтомдун аткарылышын аткаруудан баш тарткан жеке менчик дүкөндүн ээсине, административдик чара көрүү жагы Кызыл-Жар айылдык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ж.Чобоев, К.Сарыковго жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Т.Чымынов, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Мамашов, финансы экономика бөлүмүнүн кирешелер боюнча адиси О.Мырзакановко милдеттендирилсин.
2). Спирттик ичимдиктерди сатуу үчүн биринчиден лицензиясы болсо гана сатуу керетигин белгиленсин. 16 жашга чейинки мектеп окуучуларына спирттик жана тамеки сатпоого жана айлана чөйрөсүн таза сактоого ар бир жеке менчик дүкөндүн башчысына милдеттендирилсин.
3). Жалпы жарандардын саламаттыгын сактоо максатында ар бир магазиндин комоктордун ээлери комиссия көрсөткөн кемчилдиктерди өз мөөнөтүндө аткаралбаса ошол магазиндин же комок бир айлык мөөнөткө жабылсын.
4). Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына дайындалсын.
Төрага | М.Кадыров |