Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 1
Шаардык кеңештин 2015-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин 2015-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XXI-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылга карата келечектүү иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2015-жылга карата кабыл алынган келечектүү пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Нишанов |
| Шаардык кеңештин «5» марты 2015-жылдагы XХI-сессиясынын №1токтомуна №1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеңештин регламентине жана башка укуктук ченемдик актыларга таянып 2015-жылга карата шаардык кеңештин келечектүү иш планында приоритеттик багыты катары төмөнкүлөрдү эсептейт:
Жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткаруусун көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү салыктарды, төлөмдөрдү жана жыйымдардын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү;
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин эффективдүү пайдаланууну көзөмөлдөө;
Шаардын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышын көзөмөлдөө;
Жалал-Абад шаарынын сырткы архитектуралык абалы жөнүндө.
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | ||
I. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер | |||||
| Шаардык кеңештин 2015-жылга келечектүү иш планын бекитүү; | 2015-жылдын I-кварталы | Н.Нишанов (төрага) Б.Беркбаева (жоопту катчы) | ||
| Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2016-2017-ж.ж. бюджетинин божомол (прогноз) көрсөткүчтөрүн кароо жөнүндө; | 2015-жылдын I-кварталы | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия | ||
| Шаардын базарларынын жана соода түйүндөрүнүн абалы жөнүндө | 2015-жыл февраль-март айлары | Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти | ||
| Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2013-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2015-жылдын Февраль-март | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. | ||
| Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2015-жылдын Апрель-май | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. | ||
| Шаардагы муниципалдык жерлерди сатууга мораторий жарыялоо, калган муниципалдык жерлерди ревизия жүргүзүү | 2015-жылдын II-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиялар, муниципалдык менчикти башкаруу комитети (ММБК). | ||
| Шаардын көчөлөрүнө басылган асфальттардын сапаты жана абалын кароо | 2015-жылдын III-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссия, ТКЧД, АБЗ | ||
| Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин (медициналык санитардык, ветеринардык жардам көрсөтүү) абалы жөнүндө. | 2015-жылдын Март апрель | Социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, саламаттыкты сактоо мекемелери, ветеринардык кызматы. | ||
| Шаардагы Ленин көчөсүн кеңейтүү тууралуу жана шаардын башкы планын кароо жөнүндө
| 2015-жылдын III-IV-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссия, шаар куруу башкармалыгы | ||
| Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу мекеме-ишканалардын, салык инспекциясынын бюджеттин толтуруу боюнча ишмердүүлүгүн кароо | 2015-жылдын октябрь-сентябрь | Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия, ММБК, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, шаардык салык инспекциясы | ||
| Шаардык кеңештин төрагасынын аткарган иштери боюнча маалыматын угуу | 2015-жылдын декабрь | Шаардык кеңештин төрагасы
| ||
Шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери | |||||
| Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо, туруктуу комиссиялардын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштери | Планга ылайык | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| Туруктуу комиссияларга, аймактык депутаттык топторго иш план түзүү жана ишти уюштуруу боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү | Ар дайым (такай) | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| Депутаттардын шайлоо округдарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшүн уюштуруу | 2015-жылдын IV-кварталында | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| Ч. Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек, Тайгараев коомдук аймактык башкармаларынын ишине усулдук жана практикалык жардам берүү | Ар дайым (такай) | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин семинар-тренингдерге, коомдук иш чараларга катышуусун камсыздоо | Зарылдыкка жараша | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| Шаардык кеңешке түшкөн арыз, каттар жана документтер менен иштөө | Ар дайым (такай) | Шаардык кеңештин аппараты | ||
| 23-февраль, 8-март, Нооруз, 9-май жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, улгайган адамдар күнүн, шаар күнүн, майыптар күнүн, Жаңы жыл майрамын өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине катышуу
| Календарь боюнча
| Шаардык кеңештин аппараты | ||
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |