ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XXI –сессия
2015-жылдын 5-марты № 3
Жалал-Абад шаарынын 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2013-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү атайын төлөм каражаттарды жана келген трансферттерди кошпогондо жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 426 444,2 миң сом, аткарылганы 421 718,1 миң сом болуп, анын ичинен атайын төлөмдөрдүн такталган планы 44 358,0 миң сом, аткарылганы 44175,4 миң сом болду, республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин аткарылганы 377452,7 миң сом болду. Чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик каражаттар боюнча аткарылганы 357 791,7 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (390 759,4 миң сом) 91,6 % га аткарылды, атайын төлөмдөр боюнча аткарылганы 44 111,9 миң сом же такатлган планга салыштырмалуу (45047,0) 97,9 % га аткарылды. Шаардык бюджеттин 2013-жылдын аткарылышы шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралды.
Жогорудагыларды белгилеп, 2013-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги XXI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардык бюджеттин 2013-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылганы 421 718,1 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин кирешесинин аткарылышы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жалал-Абад шаарынын 2013-жылга шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 357 791,7 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин чыгашасынын планынын аткарылышы № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Атайын каражаттардын чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 44 111,9 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин атайын каражаттардын чыгашасынын аткарылышы №2а – тиркемесине ылайык бекитилсин.
Төрага | Н. Нишанов |