Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 4
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2016-2017 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2016-2017–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 30.12.2014-ж. «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджети жана 2016-2017 жж. жөнүндө болжолу жөнүндө», 11.06.1998-ж. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» №78, 25.09.2003-ж. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» №215, 21.08.2004-ж. «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» №165 мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 362 767,8 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 60 419,6 миң сомду, чыгаша бөлүгү 362 767,8 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 60 419,6 миң сом өлчөмүндө № 1, № 2, № 2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2016-2017 жылдардын бюджетинин болжолу (прогноз) № 3-тиркемеге ылайык жактырылып, 2016-2017-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолу ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
01.01.2015-жылга калган калдыктын эсебинен каржылоо № 4 (бюджет), № 4 а (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата өзүн өзү башкаруу органынын 1% чейинки резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлүп, анын 20 % (600,0 миң сом) шаардык кеңештин төрагасынын резервдик фонду болуп түзүлсүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ошондой эле шаардык кеңештин буйругунун негизинде каржылануусу белгиленсин.
Жергиликтүү бюджетке кирбей калган шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү үчүн шайлоочулардын кайрылууларын аткаруу максатында бөлүнгөн 3100,0 миң сом акча каражаты шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде каржылануусу шаардык кеӊештин төрагасына милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январына жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 50,0 (элүү) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын компенсациялоо үчүн 300 сомдон, мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге жана бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сом өлчөмүндө 2015-жылдын 1-январынан бери төлөп берүү шаардык билим берүү башкармасына милдеттендирилсин.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга каралган каражат мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
№ 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган каражат Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар менчик түрүнө карабастан жеңип алган долбоорлордун каржылоосуна жалпы долбоордун суммасынын 30% өлчөмүнөн ашпаган суммада шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылануусу белгиленсин.
Спорт мелдештерине, окуу жүргүзүүчү машыктыруу жыйындарына кетүүчү каражаттар шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен макулдашуусу белгиленсин жана шаардын атынан бир мелдешке бир тайпа же машыктуруучу, судья болуп (футбол оюнун жана Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын кошпогондо) 14 төн ашык киши жөнөтүлбөсүн. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, спорт оюндарына Спорт жана туризм Агенттигинин жана спорттун түрлөрлү боюнча Республикалык Федерациянын катынын негизинде жөнөтүлүүсү белгиленсин.
Жалал-Абад шаарынын атынан ар түрдүү спорттук мелдештерге жөнөтүлгөн спортчуларды окуган окуу жайынын башчысынын окудан бошотулган жөнүндөгү буйругунун негизинде жөнөтүү жөнөтүүчү мекемеге милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын кызматкерлеринин уюлдук телефондоруна эл аралык байланышка чыгууга тыюу салуу менен сметада каралган акча каражатынан бирдик салууга уруксат берилсин.
Жалал-Абад шаарынын бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10, № 11, № 12, № 13, № 14, №15, № 16, № 17-тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин (КПҮ).
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын Ж. Бакиев атындагы багынын кароолчусу 2015-жылдын 1-апрелинен кыскартылып жана анын кылган кызматын бакты ижарага алып иштеткен ижарачыга милдеттендирүү жагы тийиштүү мекемелердин жетекчилигине жүктөлсүн.
Коммуналдык чарба департаментинин балансындагы ЗИЛ (водовоз) автоунаасын, Жалал-Абад Тазалык мекемесинин балансындагы (портер) автоунаасын жана автоунааларды кармоого каралган каражатты 2015-жылдын 1-апрелинен тартып жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасына өткөрүп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине жана шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Тендер аркылуу өтүүчү иш чаралар мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусунун негизинде тендерди жарыялоо жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасынын бала бакчаларына афганчылардын, ата-энеси майыптардын, Баткен согушунда курман болгондордун балдарын жана I-II-даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (төрттөн ашык), турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын 50% га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды бала бакчага кабыл алууда биринчи ирет шаардын тургундарынын балдарын жайгаштыруу жагы андан соң бош орун болсо, балага кеткен чыгымын толук төлөө шарты менен бөлөк айыл өкмөттөрдөн келген балдарды кыбыл алууну көзөмөлдөө билим берүү башкармасына милдеттендирилсин.
Шаардык бала-бакчада ар бир балага акы төлөө 2015-жылдын 1-апрелинен тартып банк аркылуу жүргүзүү жагын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Бала бакчаларга сатылып алынган тамак аштар (тез эскирүүчү тамак аштан башкасы) билим берүү бөлүмүнө кабыл алынып, андан кийин гана түзүлгөн комиссия аркылуу бала бакчаларга бөлүштүрүү жагы билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Шаардык бюджеттен каржыланган мекмелердин жеткечилерине тендер аркылуу жасалган иш чаралар шаардык кеңештин алдында атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусунун негизинде кабыл алынсын.
Маданият сарайынын жылдык сметасында аялдарды колдоо үчүн каралган 100,0 миң сом акча каражаты мэрдин буйругунун негизинде каржылоо жагы милдеттендирилсин.
Жалал-Абад Тазалык мекемесине жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен атайын техника алуу жагы милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына атайын эсебине түшүүчү каражаттардын киреше бөлүгүнүн тарифтерин иштеп чыгып, шаардык кеңешке сунуштоо жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
«Жалал-Абад-Үнү» гезитинин редакциясын жоюуу жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында маалымат борборун уюштуруу жагы мэрдин орун басарына (Т.Темирбаев) милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында маалымат борборунун бухгалтерине жаңы ачылган жаштар бөлүмүнүн бухгалтериясын ишин алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Бюджеттик мекемелердин өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу бюджеттик мекемелердин сметасынын чегинде чыгымдоолордун багытын өзгөртүү шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү тарабынан Курманбек стадионунун аймагына 4 кабаттуу окуу-машыктырма мунарасын курууга макулдук берилсин жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка ылайык жергиликтүү бюджеттен тийиштүү салымын каржылоо жагы 6 айдын жыйынтыгы менен каржылансын.
Республика боюнча шаардык кеӊештин депутаттарынын арасында кичи-футбол оюну боюнча мелдешин Жалал-Абад шаарында өткөрүү үчүн керек жарак жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебинде каралган 500,0 миң сом акча каражатынын эсебинен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө жогорку деңгээлде өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1-балдар спорт мектебинин машыктыруучусуна жана жеңүүчү спортчуга калган 50 пайыз сыйлыгын 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына (Н. Маматов) тапшырылсын.
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |