Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 5
Жалал-Абад шаарынын кээ бир мекемелерине жетекчилерди дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директорунун баяндамасын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Солтоев Максат Аттокурович - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору муниципалдык кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Кочкорова Абида Бекеновна - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (С.Авазов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Нишанов |