Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 9
Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнүн № 26 –кварталындагы «Интернет-Клуб»имаратын, Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына караштуу Кыргыз Республикасы көчөсүндөгү №139А имаратына алмаштыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине шаар мэриясынан 29.12.2015-ж. келип түшкөн № 3-2/1995 катты шаардык курулуш,транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнүн №26 –кварталында жайгашкан «Интернет-Клуб» имаратын, Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына караштуу Кыргыз Республикасы көчөсүндөгү №139А имаратына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Б.Джусупбековго муниципиалдык баланста турган «Интернет-Клуб» имаратын, Жалал-Абад областтык Адилет Башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |