Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 6
“Карача айылындагы № 1 № 2 скважинанын кароолдору Токторалиева Карамат жана Токторалиев Курманбектин арыздары жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIIсессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылындагы №1, №2скважинасынын кароолдору Токторалиева Караматтин кириш № Т-20.09.02.2015-ж жана Токторалиев Курманбектин кириш №Т-19.09.02.2015-жылдагы кароолчулук кылгандыгы үчүн эмгек акы төлөп берүүсүн сурап кайрылган арыздарын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бешик-Жон айылындагы элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын 2015- жылга СОУП түзүлүп, өздөрүнүн мөөрү жана уставынын негизинде иш алып барылсын.
2. Түзүлгөн СОУПнун төмөндөгүдөй курамы бекитилсин.
- Рахматов Жыргалбек
- Мадоморов А.
- Токторалиева Карамат
- Токторалиев Курманбек
- Нышанов Кадыр
- Мусаев Надир.
3. 2015-жылдагы таза үчүн ремонтторуна айыл өкмөттүн бюджетинен жардам берилсин, ал эми элден таза суу үчүн жыйналган акчанын эсебинен электр энергияга жана эмгек акысына жумшалсын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Маманов |