Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2014-жылдын 12-ноябры № 15-4
“Сумсар айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Сумсар айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргызча) гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сумсар айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Джянбеков Эралыга милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Полотов |