Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 134/18-3
15.04.2014-ж. №97/14-3 Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок ш. Коомчулук кеңешинин төрагасы – ЫЭК башчысы М.К.Карыбековдун 05.02.2015-ж. чыг.№4 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 12-1 жана 14-беренелеринин негизинде, Коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлору жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-5.1.п. “2” саны “4” санына алмаштырылсын;
-5.2. п. төмөнкү редакцияда жазылсын: Кыргыз Республикасынын 25.06.2005-ж. №82 “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамынын 12-1 беренесине ылайык, Коомдук алдын алуу борборлору төмөнкү булактардан каржыланышы мүмкүн:
-Токмок ш. мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин макулдашуусу менен жергиликтүү бюджеттен;
-юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
-гранттар жана башка акысыз жана кайтарымсыз жардамдар;
-ар кандай формадагы кайтарыла турган жана акы төлөнүүчү карыздарды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар.
Жобо төмөнкү мазмундагы 5.3. пункт менен толукталсын:
“Токмок ш.КААБ банкта счет ачууга, тиешелүү реквизиттерге, мөөр жана бланк алууга укуктуу”.
2. Бул токтом “Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасына белгиленген тартипте чыгарылсын.
3.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |