Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-ноябры № 15/3
Кара-Бүргөн айылында К3-зоналдык коэффиценттин аныктоо жөнүндө
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын,мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана К3-коэффицент бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кенешинин кезектеги XV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагында административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарбасы багытталган жерлердин жер салыгы короо-жай алдындагы багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы,айыл-чарбасына багытталбаган жердин салыгы
- 1,2,3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы
2. К3-зоналдык коэффиценттинин мааниси1,0 өлчөмдө бекитилсин
3. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтом 1-январь 2015-жылдан баштап күчүнө кирсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнчабашкармалыгынын (Б.Мусабековго) суралсын
Төрага | У.Кыдыров |