Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-майы № 24
Куйручук айылынын калкынын ичуучу таза суу менен камсыз кылуу жана ага болгон бааларды бекитүү жөнүндө
Куйручук айылдык Кенешинин бюджет, салык финансы экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып жана Куйручук айыл окмотунун «Көкүмбай Булак» ИСКАКБсинин төрагасы Д.Солтоевдин жана бухгалтери К.Ботбаеванын билдируусун жана маалыматын угуп, талкуулап Куйручук айыл аймагынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат
1.Куйручук ИСКАКБсинин 2014-жылга бюджети 319 560 (уч жуз он тогуз мин беш жуз алтымыш) сом бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2.Куйручук ИСКАКБсинин торагасына 4000,0 (торт мин) сом олчомдогу эмгек акы бекитилип берилсин;
3.Куйручук ИСКАКБсинин бухгалтерине 3500,0 (уч мин беш жуз) сом олчомдогу эмгек акы бекитилип берилсин;
4. Куйручук ИСКАКБсинин суу чорголорунун ондоочу операторуна 3500,0 (уч мин беш жуз) сом олчомдогу эмгек акы бекитилип берилсин;
5. Куйручук ИСКАКБсинин кароолчусуна 2500,0 (эки мин беш жуз) сом олчомдогу эмгек акы бекитилип берилсин;
6.Куйручук айылынын тургундарынын жан башына таза суу менен камсыз кылуунун баасы 20 сомдон бекитилсин;
7.Озунун менчик уйунун ичине суу киргизип алгандарга жан башына 30 сомдон бекитилсин;
8.Суу чоргосунан (колонка) шланга сайып ар кандай курулуш иштерине таза суу пайдаланса, огородун же бакчасын коп убакытка чейин сугарып сууну кароосуз калтырса 3 000 (уч мин) сом олчомдогу айып пул белгиленсин жана тыйуу салынсын;
9.Озум билемдик кылып, суу тутукчолорун үйүнө уруксатсыз киргизип алгандарга 10 000 (он мин) сом олчомдогу айып салынсын;
10.Өзүнүн менчик үйүнө таза суу чоргосун кийирген айыл жашоочуларына уруксат беру учун 7000 (жети мин) сом өлчөмүндө бекитилсин;
12.Куйручук ИСКАКБси менен айыл тургундарынын ортосунда эки тараптуу келишим тузулсун;
13.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Куйручук ИСКАКБсинин төрагасы Д.Солтоевге тапшырылсын.
Төрага | З.Баисов |