Загрузка документа…
КАЗАН–КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 3
“Акыл кенчи” бала бакчасынын жетекчиси Т. Бейшалиеванынын кайрылуусу жөнүндө
“Акыл кенчи” бала бакчасынын жетекчиси Т. Бейшалиеванынын кайрылуусун, ата-энелердин жалпы чогулушунун токтомун бекитүү максатында
Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. “Акыл кенчи” бала бакчасынын ата-энелеринин жалпы чогулушунун 2014-жылдын 9-сентябрындагы № 2 токтому бекитилсин. (токтом тиркелет 1баракта)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына тапшырылсын
Төрага | М. Солтонкулов |
| 30-январь 2015-жыл №3 токтомго №1 тиркеме |
Токтом №2
9- сентябрь 2014-жыл | Казан –Куйган айыл округу “Акыл кенчи” бала бакчасынын |
Катышкандарын саны:22
1. Ата-энелик взнос 360 дан 400сом болушуна макул болуу
2. Ата –энелер комитетин кайра шайлоо
3. Ата энелер комитети 2014-жылдын 1-жылдык взносун чогултуп алуу
УГУЛДУ: “Акыл кенчи” бала бакчасынын директору 1-маселе боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди. Мурда ата энелик взнос 360 сом болгондуктан календар менен туура келбегендиктен 400 сом эсебинде төлөнүшү керекэкендигин билдирди. Ата энелер 400 сомго макул болушуп төлөйбүз деген ойлорун айтышты. Ата-энелер комитетинин составындагы ата-эенелердин балдары мектепке кеткендиктен алардын ордуна жаңы ата-энелер комитетин шайлоо.
1. Маселе : ата –Энелик взнос 400сом болушун ата-энелер макул болушуп чечип беришти.
2. Маселе: ата –энелер комитети 2014-жылдын бир жылдык взносун чогултуп алуу чечимин кабыл алды.
Сөз сүйлөштү: 2-маселе боюнча Исаева, Коробаева Г, Исабековалар сүйлөшүп составы беш кишиден ата-энеден үч киши бала бакчадан иштегендерден эки киши болсун деп төмөнкүлөрдү көрсөтүштү. 1. Сыдыгалиева Н, 2. Икремова А, 3. Коробаева Г, 4. Садыкова А, 5. Жакыпова Б.
3-маселелер боюнча Ата –энелер сөз сүйлөшүп ата-энелер комитетине тапшырды.
Чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ
Ата-энелик взнос 400 сомду ай сайын берүүсүн. Бир жылдык 340сом кирүү взносу сентябрь ичинде берилишин. Шайланган ата-энелер комитети бала бакчанын балдар үчүн болуучу ар кандай иш чараларды уюштурууга, взнос чогултууга, ремонт иштерин жүргүзүүдө ата-энелерди уюштурууга, взнос чогултууга, ремонт иштерин жүргүзүүдө ата-энелерди уюштуруп жардамдашуу маселелери боюнча иш жүргүзүшсүн.
Чогулуштун төрайымы колу Т. Бейшалиева
Чогулуштун катчысы колу Г. Исаева
Ата-энелер комитети колу Икремова. А.
колу Сыдыгалиева. Н
колу Коробаева. Г
Тарбиячы колу Садыкова. А
Эмчи айым колу Жакыпова.Б