Редакцияот 19.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVIII СЕССИЯСЫ

 

2015-жылдын 19 февралы  №144/18-3

Медресе ачууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында диний эркиндик жана диний уюмдары жөнүндөгү» мыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктунун 3-абзацына ылайык, Токмок ш. тургундарынын 29.12.2014-ж. кир.№286/1-17 медресе ачууга уруксат берүү жөнүндөгү арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарын жетекчиликке алуу  менен,

Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. Өзбек көчөсү 135 дарегинде кыздар үчүн медресе ачууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Таманбаев