Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-майы ПБ № 124
1. Кыргыз Республикасы менен Джибути Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Президент | А. Атамбаев |