Редакцияот 26.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХVII сессиясы

 

2015-жылдын 26-марты № 17/7

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бүргөн айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ,Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,www.aktala.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  Н.Соодонбековго жүктөлсүн

 

Төрага

У.Кыдыров.