Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы №19/5
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы 184 токтому менен бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнундө типтуу жобонун негизинде, Кыргыз республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Кочкор Kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге жүктөлсүн.
Төрага |
М.Букамбаев
|