Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 21/1
Семиз-Бел өкмөтүнүн аймагындагы көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндуруу-жашылдандыруу боюнча жалпы отургузулган 1600 түп анын ичинен ийне жалбырактуусу 63 түп дарак. Санитардык тазалоо боюнча 165 тонна тааштандылар чыгарылды, 23,100м арык каналдар тазаланды, жалпы ишембиликке 21 уюм жана 270 адам катышты. Айыл тургундары менен бирдикте ишембилик өткөргөндүгү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндуруу-жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, китепкана, клубдарга тигилген көчөттөрдү багып өстүрүү мектеп, клуб, китепкана башчыларына милдеттендирлсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Букамбетов
|