Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну №21/2
Калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу жана профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө
Калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу жана профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринардык тейлөө адиси М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүндө ветеринардык санитардык иш пландарына ылайык уюштуруу иштери жүргүзүлүп, мал чарбасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөөлөр жүрүп жатандыгы белгиленсин.
2. Айыл аймагында майда жандыктардын пастереллез ылаңын алдын алуу жана эпизоотиялык абалды турукташтыруу максатында жайлоолорго жеринде барып, малдарга клиникалык кароо жүргүзүп, таза малдарга эмдөө иштерин уюштуруу менен малчыларга малдарды дарылоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитети менен бирдикте ветеринардык тейлөө адиси М.Исаевге милдеттендирилсин.
3. Калк арасында малдан жугуучу оорулардын алдын алуу үчүн өлгөн малдарды атайын даярдалган чуңкурларына көмдүрүлүп, зыянсыздандырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Букамбетов
|