Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну №21 /3
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын тургундарынын 30-март 2015-жылдагы № 2 токтомун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Семиз-Бел айылынын тургундарынын элдик жыйындын 30-март 2015-жылдагы №2 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Семиз-Бел айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 30-март 2015-жылдагы № 2 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:
1. Кош айдоо -1000 сом 20 -30-литр май
2. Себүү -500 сом 8 литр май
3. Планировка -300 сом 8 литр май
4. Тырмоо -300 сом 8-10-литр май
5. Арык тартуу - 100 сом 3,5 литр май (га)
6. Чөп чабуу - 1000 сом 10 литр май
7. Косилка - 1000 сом майы ичинде
8. Комбайн -1000 сом 25 литр май
3. Мал багуу акыларын бекитүү жөнүндө 2014-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуунун акылары бекитилсин:
1. Уй,бука - 300 сом
2. Кой - 35 сом
3. Эчки -35 сом
4. Жылкы - 300 сом
5. Тай - 300 сом
4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү 1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000 сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. Айылда калган, жайлоодон эрте тушуп эгин талааларына кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын.
1. 1 баш кой-эчкиге-100 сом
2. 1 баш тай-торпоко- 500 сом
3. 1 баш уй-жылкыга-1000 сом
4. 1 баш эшеке- 1000 сом
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрагасы |
М.Букамбетов
|