Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 21/ 4
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Чекилдек айылынын тургундарынын 30-март 2015-жылдагы №3 токтомун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Чекилдек айылынын тургундарынын элдик жыйындын 30-март 2015-жылдагы №3 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Чекилдек айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 30-март 2015-жылдагы № 3 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:
1. Кош айдоо -900 сом 20-литр май
2. Себүү -500 сом 10 литр май
3. Планировка -300 сом 10 литр май
4. Тырмоо -300 сом 10-литр май
5. Арык тартуу -100 сом 5 литр май (га)
6. Чөп чабуу -1000 сом 10 литр май
7. Косилка -800 сом майы ичинде
8. Комбайн -1300 сом 10 литр май
3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2014-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуунун акылары бекитилсин:
1. Уй,бука - 300 сом
2. Кой - 30 сом
3. Эчки -35 сом
4. Жылкы - 300 сом
5. Тай - 300 сом
4. Жаздоого кочүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү 1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгон жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. Айылда калган, жайлоодон эрте тушуп эгин талааларына кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын
1. 1 баш кой-эчкиге-100 сом
2. 1 баш тай-торпоко-500 сом
3. 1 баш уй-жылкыга-1000 сом
4. 1 баш эшеке-1000 сом
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Букамбетов
|