Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 21/6
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кара-Тоо айылынын тургундарынын 31-март 2015-жылдагы № 5 токтомун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Кара-Тоо айылынын тургундарынын элдик жыйындын 31-март 2015-жылдагы № 5 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 31-март 2015-жылдагы №5 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:
1. Кош айдоо -1000 сом 20 -30-литр май
2. Себүү -300 сом 8 литр май
3. Планировка -500 сом 8 литр май
4. Тырмоо -200 сом 8-10-литр май
5. Арык тартуу - 100 сом 5 литр май (га)
6. Чөп чабуу - 850 сом 10 литр май
7. Косилка - 1000 сом майы ичинде
8. Комбайн -1000 сом 25 литр май
3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2015-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуу акылары бекитилсин:
1. Уй,бука - 300 сом
2. Кой - 30 сом
3. Эчки -35 сом
4. Жылкы - 300 сом
4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү-1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. Айылда калган, жайлоодон эрте тушкон эгин талаасына кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын
1. 1 баш кой-эчкиге-100 сом
2. 1 баш тай-торпоко- 500 сом
3. 1 баш уй-жылкыга-1000 сом
4. 1 баш эшеке- 1000 сом
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Букамбетов
|