Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 2-июну № 21/7

Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясын орнотууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамдын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрдагы №515 токтомунун негизинде жайыт жеринен жер бѳлүп берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясын орнотууга жайыт жеринен 20 м2 жер участкасы бѳлүнүп берилсин.

2. «Нур Телеком ООО» станциясы курулуп ишке кирген күндѳн баштап жайыт комитетинин ѳздүк эсебине ай сайын 6000 (алты миң) сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты которулуп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Моңкоевге жана жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

М.Букамбетов