Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы №16/7
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине айыл тургундардан келген арыздарды кароо жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган депутаттар, айылдык кеңештин төрайымы А.Тургуналиевага келген арыздарды угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Кутбидинов Калыбектин жазган арызы менен үлүшкө алган жерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
2. Айыл тургуну жеке ишкер К.Конурбаевдин жазган арызы менен мыйзамга ылайык келген жерди иштетүүгө 0.40 га жер бөлүнүп берилсин.
3. Айыл тургуну Ш.Кутбидинов жаңы конуштагы тургандар жазган арызы боюнча жаз алды менен шагыл түшүрүү айыл башчылар К.Турусбековго каражат таап көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
4. Айыл тургундарга берилген аренда жерлерди тактап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолдордон оор жүк ташуучу 25 тоннадан ашык унаалардын өтүшүнө тыюу салып, айыл башчылар М.Дүйшөналиев, К.Турусбеков, Н.Акматов жана Э.Мааткалымовдор аткарууга алып, аны көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүнөн жөлөк пул алуучулардын тизмеси, түзүлгөн комиссия менен бирдикте берилген жөлөк пул алуучулардын тизмесин тактага илип, түшүндүрүү жагы соц. адис Ж.Рахмановага тапшырылсын.
7. Жогорудагы токтомдордогу көрсөтүлгөндөрдү аткарылгандыгы боюнча айылдык кеңешинде түзүлгөн туруктуу комиссияларга тапшыруу жагы айыл башчыларга жана Н.Осмоновго, Ж.Рахмановага тапшырылсын.
Төрайымы |
А. Тургуналиева |