Редакцияот 05.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХVII сессиясы

 

2015-жылдын 5-марты №17/1

2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жонундо

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 28900.0  мин сомго, чыгашалар 29492.7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2015-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 8851.2  мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 3470.4  мин сом, теңдештирүү грант 5380.8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2015-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- патент салыгы-                                  150.0 мин сом.

- бирдиктүү салык-                              20.0 мин сом.

- сатуудан түшкөн салык-                   225.0 мин сом

- айыл чарба жеринен салык-             533.8  мин сом.

- огород салык-                                     339.7 мин сом.

- айыл чарба эмес багыттагы салык- 18.7 мин сом.

- транспорт салык-                               277.0 мин сом.

- кыймылсыз мулкко салык-               5.0 мин сом.

- тазалык жыйым-                                50.0 мин сом.

- ФПС аренда акысы-                          114.2 мин сом.

- подох.налог-                                       1030.0 мин сом.

- кен байлык иштетүү үчүн акы-        60.0 миң сом

- административдик штраф-                2.0 миң сом

- атайын каражат-                                                    645.0 мин сом.

  Жергиликтүү салыктар жана

  жыйымдар баары-                                              3470.4  мин сом.

- теңдештирүүчү грант-                                          5380.8 мин сом.

  Жалпысы-                                                            8851.2 мин сом.

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга чыгымдар бөлүгү:

- башкаруу аппаратына-                                         4197.9 мин сом.

- агартуу тармагына-                                               3378.2 мин сом

- маданият тармагына-                                            1275.1  мин сом.

   Баары-                                                                    8851.2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. 2016-жылга Кум-Добо айыл окмотунун болжолдуу бюджетинин долбоору жергиликтуу салыктар жана жыйымдардын 3585.4 млн.сом, тендештируучу гранттын эсебинен 5553.1 млн.сом, жалпы 9138.5 млн.сом суммасында жана 2017-жыл учун болжолдуу бюджеттин долбоору жергиликтуу салыктар жана жыйымдардын эсебинен 3720.4 млн.сом, тендештируучу гранттын эсебинен 5719.6 млн.сом, жалпы 9440.0 млн.сом суммасында бекитилсин.

4. 2015-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык турунун толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин.

5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрагайымы

 

А.Тургуналиева