Редакцияот 05.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын XII сессиясы

 

2015-жылдын 5-марты № 26-12-1

Кабак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин, 2016-2017-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2013-жылга кирешеси жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен -10646.4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2015-жылга Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү-11958,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

Анын ичинен:- теңдештирме грант-4549,6 мин сом

- салыктан түшкөн киреше-7409,1 мин сом

2016-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн долбоору-12697,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

Анын ичинен-тендештирме грант-4393.0 мин сом

-салыктан түшкөн киреше 8304,1 мин сом.

2017-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-13598,1мин

сом өлчөмүндө бекитилсин.

Анын ичинен:-тендештирме грант-4184,0 мин сом

-салыктан түшкөн киреше-9414,1мин сом

3. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социалдык фондко жана сметада каралган баардык статьяларды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фонд.коммуналдык кызмат бала бакчанын тамак -ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б) каржылоо жагы  айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Абдыралиевага милдеттендирилсин.

4. Кабак айыл өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык нак акча 25,0 миң суммасында бекитилсин.

5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргиүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабак айылдык Кеңешинин Финансы экономика маселери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрагасы

Б. Имеров