КАБАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеӊешинин депутаттарынын XXVI чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 5-марты № 26-12-2
2014-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнɵмдɵлгɵн каражатты бөлүштүрүү жɵнүндɵ
Кабак айыл Өкмɵтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнɵмдɵлүп калган каражаттын жалпы суммасы 4 307831 сом 60 тыйын (тɵрт миллион үч жүз жети миӊ сегиз жүз отуз бир сом 60 тыйын), Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын кайрылуу, сунуштарын Кабак айылдык Кеӊешинин депутатарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл өкмɵтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнɵмдɵлүп калган каражат тɵмɵндɵгү жумуштарга жумшалсын:
1. Табылгыты айылындагы спорт залдын курулушун бүткɵрүүгɵ-1 800 000 (бир миллион сегиз жүз мин) сом
2. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык ишканасына экскаватор алганга–2 367 831 (эки миллион үч жүз алтымыш жети мин сегиз жүз отуз бир) сом
3. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансасында турган «Өрнɵк ФАПка – 140 000-60 (жүз кырк мин сом алтымыш тыйын) сом. Мунун ичинен
«Өрнɵк» ФАПынын ремонтуна -110 000 (жүз он мин) сом, оргтехника алууга -25 000 (жыйырма беш мин) сом, кан диабетинин ɵлчɵмүн текшерүүчү аппарат алууга 5000 (беш мин) сом.
2. Ушул токтом айыл өкмɵтүнɵн каттоодон ɵткɵрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрагасы |
Б.Имеров |