Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты №7/1
Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата калган акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын 2015-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме–ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин 2015-жылдын 1-январына карата суу кызматы үчүн карызды жабууга Нарын суу канал ишканасына 1948,6 миң сом (тиркеме тиркелет);
3. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык жана салык эмес жыйымдарды чогултууга келишимдин негизинде 3(үч) штаттык бирдик үчүн айлык акы жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 500,0 миң сом.
4. Нарын Троллейбус ДЭПОсунун электр энергиясынын карызына 80,0 миң сом, социалдык фондко карызына 80,0 миң сом, салык карыздары үчүн 40,0 миң сом, баардыгы 200,0 миң сом.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Р.Адиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрагасы |
Э.Турсуналиев
|
| Нарын шаардык Кенешинин XXVI чакырылыштагы XX сессиясынын №7/1 токтомуна тиркеме
|
Нарын шаарынын жергиликтуу бюджетинен каржыланган
мекемелердин суу кызматы үчүн карызы
№ | Мекеменин аталышы | Суммасы
| |
1. | Мэрия | 69,6 | |
2. | №1 Токтогул атындагы орто мектеп | 65,6 | |
3. | №2 Чкалов атындагы орто мектеп | 146,6 | |
4. | №4 Ибраев атындагы орто мектеп | 131,4 | |
5. | №5 Жакыпов атындагы орто мектеп | 85,5 | |
6. | №7 Сыдыков атындагы орто мектеп | 351,3 | |
7. | №8 Буйлаш атындагы орто мектеп | 133,7 | |
8. | №9 Садыков атындагы орто мектеп | 30,2 | |
9. | №10 Чолпонбаев атындагы орто мектеп | 65,2 | |
10. | №2 Чебурашка бала бакчасы | 59,8 | |
11. | №14 Алтын балалык бала бакчасы | 169,2 | |
12. | №15 Бактылуу балалык бала бакчасы | 326,0 | |
13. | №16 Ыйман бала бакчасы | 6,6 | |
14. | №17 Ынтымак бала бакчасы | 252,9 | |
15. | №18 Акдил бала бакчасы | 21,5 | |
16. | Бекмамбетов атындагы спорт мектеби | 28,5 | |
17. | Шералиев атындагы музыкалык мектеп | 4,9 | |
18. | Баары | 1948,6 | |
|
|
|
|
Нарын шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси, жоопту катчы |
А.Абдыкеримов
|