Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 33/120
Кызыл–Кыя шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору А.Жоробековдун 2015–жылдын 22–июнундагы арызын жана гезиттин редакциялык жамаатынын 2015–жылдын 23–июнундагы жыйынынын токтомун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору А.Жоробековдун “Мени пенсияга чыккандыгыма байланыштуу шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору кызматынан бошотуп коюуу жөнүндө” арызы канааттандырылып, А.Жоробеков шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору кызматынан бошотулсун.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыковго |