Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015 – жылдын 21 – июлу №33/122
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде 2014–жылда жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковдун отчету тууралуу
Кызыл–Кыя шаардык кеңеши өткөн 2014–жылда өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамына, шаардык кеңештин регламентине жана 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык жүргүзүп келди.
Шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналган шаардык кеңештин сессияларынын ролун жана таасирдүүлүгүн күчөтүү, сессияларда айтылган сын сунуштардын, андагы кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну көзөмөлгө алуу, алардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер алып барылды.
Шаардык кеңештин кээ бир туруктуу комиссияларынын иштерин активтештирүү зарыл. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн иштерин кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин регламентине негиз, анын талаптарын сактоо мнен алып барышса депутаттардын, туруктуу комиссиялардын активтүүлүгү жогорулап, сессиялардын деңгээли көтөрүлүп, шаардык кеңештин ишинин натыйжалуу болуусуна шарт түзүлөт.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковдун отчеттук мезгил ичиндеги шаардык кеңештин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шардык кеңешинин 2014–жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө шаардык кеңештин төрагасынын отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго шаардык кеңештин сессиялары кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана туруктуу комиссиялардын иштерин активдештирүү жагы милдеттендирилсин.
Отчетту талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштар боюнча иш чара иштеп чыгып, анын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А. Маткалыковго тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |