Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 34/130
Кызыл–Кыя шаарынын «Күнгөй–3”, “Машзавод–2” жана “Восток–2–1” участкаларына шаардын жарандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилүүчү жерлердин башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8–, 11– жана 14–беренелерине негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2015–жылдын 12–августундагы №204 кайрылуу катын эске алып, азыркы мезгилдеги шаардын калкынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон муктаждыктарын чечүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын жана шаардын карамагындагы айылдардын тургундарына турак жай менен камсыздоо максатында Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган Кызыл–Кыя шаарынын “Күнгөй–3”, “Машзавод–2” жана “Восток–2–1” участкаларындагы жер тилкелеринин башкы пландары бекитилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын “Күнгөй–3”, “Машзавод–2” жана “Восток–2–1” участкаларындагы жер тилкелеринин даярдалып бекитилген башкы пландардынын кварталдарын жана жер тилкелеринин номерлерин коюу жагы Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маткалыков |