Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 34/132
Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн капиталдык ремонт иштерине бөлүнбөй калган акча каражаты жөнүндө
Кызыл–Кыя шаардык кеңешине Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканасы өзүнүн 2015–жылдын 3–июнундагы №216 кайрылуу каты менен кайрылган. Алар өзүнүн катында: Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн 2013–жылы жүргүзүлгөн катиталдык ремонт иштерине шаардык аймактык ооруканасынын сметасы боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык фонду (ФОМС) тарабынан бөлүнүп берилүүчү акча каражаты бөлүнбөй калгандыгына байланыштуу, ал акча каражатын төлөй албай тургандыктарын билдиришкен.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканансынын 2015–жылдын 3–июнундагы №216 кайрылуу катын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн катиталдык ремонт иштерине шаардык аймактык ооруканасынын сметасы боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык фонду (ФОМС) тарабынан бөлүнүп берилүүчү бөлүнбөй калган 369195 (үч жүз алтымыш тогуз миң бир жүз токсон беш) сом акча каражатын аймактык оорукана төлөй албагандыгына байланыштуу, 369195 (үч жүз алтымыш тогуз миң бир жүз токсон беш) сом акча каражаты Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык бөлүмчөсүнүн” 3111 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан шаардын муниципалдык менчик департаментине бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |