Редакцияот 05.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ

 (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2015-жылдын 3-сентябры № 285

Ош мамлекеттик автовокзалдар жана автобекеттер (№2-автобекет) ишканасын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 28-августундагы №349/08-6, Ош шаарындагы №2-автобекетти шаардын балансына өткөрүү сунушун шаардык Кеңештин кароосуна киргизип оң жагына чечип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин негизинде Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош мамлекеттик автовокзалдар жана автобекеттер (№2-автобекет) ишканасын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош мамлекеттик автовокзалдар жана автобекеттер (№2-автобекет) ишканасын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Сыдыков) жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Примов