Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 73/21-6
“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2013- 2014-жылдарда аткарган иштери жөнүндө”
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2013- 2014-жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2013-2014-жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчету эске алынсын.
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2013-2014-жылдарда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети ( С.Б.Кыдыралиев) 2016-жылга жайыт пайдалануучулардын так тизмесин , жайыт комитетине тиешеүү жайыттарга чыгып жаткан бодо малдын , жылкынын, майда жандыктардын так санын аныктасын жана жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануунун планын түзсүн.
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине ( С.Б.Кыдыралиев) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине( С.Б.Кыдыралиев) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына ( Ж.О.Кокумбаева) камсыз кылуу , ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М. К. |