Редакцияот 09.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-сентябры № 75/21-6

“Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы № 71/20-06 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын мэриясынан жана шаардын тургундарынан, мекеме-ишканалардан  түшкөн сунуштарды жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара- Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы № 71/20-06 токтомундагы Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0миң сом каражаттын эсебинен 1018,4миң сом каражат тиркемеде көрсөтүлгөн иш чараларга каржылансын. (тиркелет)

2.Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы №71/20-06 токтомунун 13-пунктунда “Күрөш залын курууга” шаардык бюджеттин эсебинен үлүш катары каралган 2900,0миң сом күрөш залын курууга каржылансын. Күрөш залын куруу боюнча жалпы сметалык баа (5897,0миң сом ) тендерге  коюлуп, быйылкы жылдын эсебинен 2900,0миң сомдук жумуш аткарылсын. Калган 3000,0миң сом каражат 2015-жылдын жыйынтыгы менен  бош калган жана үнөм каражаттардын эсебинен каржылансын.

3.Каскад Токтогул ГЭС мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акысы боюнча 2015- жыл ичинде пайда болгон кредитордук карызды шаардык бюджеттин 2015-жылдын жыйынтыгы менен  бош калган жана үнөм каражаттын эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого уруксат берилсин.

4. Шаардык каржы бөлүмү ( Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2015-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча тиешелүү тактоолорду ( уточнение) киргизсин.

5.Бул токтомдун  аткарылышы шаардык мэрияга ( Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмүнө ( Осмонкулов Ж.Т.) жана  шаардык бюджеттен каржыланган тиешелүү  мекемелерге, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.)  жүктөлсүн.

 

Төрага

Женбеков М. К.

 

 

Кара-Көл шаардык кеңештин

2015-жылдын 9-сентябрындагы

№ 75/21-6токтомуна

1- тиркеме

 

 Кара-Көл шаардык кеңешинин 2015-жылдын бекитилген бюджетинен тактоо киргизүү менен  каражат бөлүнүп жаткан иш –чаралардын

Реестри

 

 №

  Жергиликтүү бюджеттен  каражажат бөлүнүүчү иш-чаралардын  аталышы

Каржылоонун булагы

 Каржылануучу сумма

 ( миң сом)

Эскертме

1.

 Жазы –Кечүү  айылдык аймактык башкармалыгынын Кочкор –Дөбө участкасына баруучу жолду оңдоо

 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

60,0

 

2.

  Кара-Көл шаарынын тургуну , Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы М.Абыкановго  материалдык жардам

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

50,0

 

3.

Жазы-Кечүү  айылынын  тургуну К.Темиркуловго материалдык жардам

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

50,0

 

4.

  Манасчы С.Турсунбаевге    “ Түрк элдеринин маданияты” аттуу конференцияга катышууга улуттук кийим  тиктирүү үчүн

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

30,0

 

5.

 Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында өтүүчү Спартакиадага муниципалдык кызматкерлердин командасынын катышып келүүсүнө

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

139,4

 

6.

Жазы-Кечүү  айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт жерлеринин курамын , сапатын, жайыттардын аянтын, жана түшүмдүүлүгүн тектерүү үчүн көрсөтүлгөн кызматка

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

188,0

 

7.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча U-15 чемпионатына катышууга

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

114,1

 

8.

Токтогул атындагы  № 1 орто мектептин ашканасын, спорт залын жана чарбалык имаратын ремонттоого ( кошумча иштерге)

2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС  тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга   бекитилген  1225,0 миң сом    каражаттан

386,9

 

 

 

 

            Жалпы:

 

1018,4

 

 

Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси

К.И.Нурматова