КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 78/21-6
“Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобонун 2.1 параграфынын талаптарына ылайык депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-көл шаарында Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
1. Жетешикова Гулбара Султановна - шаардык кеңештин бюджет . экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы
2. Сагыналиева Гүлназ Ратбековна – шаардык каржы бөлүмүнүн башкы адиси
3. Алимов Асанкалый Рысбекович -Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
4. Сартмамбетов Токтогул Сатыбалдиевич- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин Жалал-Абад областы боюнча куратору
5. Эргешбаев Бахтияр Эргешбаевич – шаардык жаштар кеңешинин төрагасы
6. Паязов Токтоназар – шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы
7. Кошалиев Эргешбай Оторбаевич - шаардык аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары
8. Маматаева Бактыгүл Калдыбаевна – шаардык аялдар кеңешинин төрайымы
9. Уметалиева Турница Төлөшовна- Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты
Төрага | Женбеков М. К. |