Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 27/95
Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2013–2014–жылдары жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы М.Турдалиевдин 2013–2014–жылдары жүргүзгөн иштеринде кемчилдиктердин бар экендиги белгиленсин.
Милдеттендирилсин Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы М.Турдалиевке жүргүзгөн ишмердүүлүгүндө белгиленген кемчилдиктерди жоюу менен жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу багытында максаттуу иштерди алып баруу жагы.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |